Тажикстандын транспорт министри Шерали Ганджалзоданын айтымында, жаңы объект 15 айдын ичинде курулуп, аба майданда 225 чарчы метр жер бөлүнөт.
“Буга Франция өкмөтү 3 миллион доллар чапчыйт”, - деп кошумчалады ал.
Бир жыл мурда Франциянын жардамы менен заманбап терминал курулган. Аны Франция 2001-жылдан бери аба майдандагы аскерлерине көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык катарында куруп бергенин айтат.
Франциянын Аба күчтөрүнүн аскерлери Дүйшөмбүдөгү аба майдандын аймагында бекер туруп, бир жыл мурда чыгып кеткен.