Кыргызстан бюджетке мыйзамдык көзөмөл жүргүзүү жаатында жакшы ийгилик көрсөтүп, 70 баа топтой алган. Ал эми өлкөнүн бюджетинин “ачыктыгына” – 54 баа, “коомчулуктун катышуусуна”-52 баа, “жогорку каржы көзөмөлдөө органдарынын тескөөсүнө”-42 баа коюлду.
КМШ өлкөлөрүнүн тизмесинде биринчи орунду 74 баа менен Орусия, 66 баа менен Грузия ээледи.