Бул маалыматты мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жон Кирби ырастады. Кирби Вашингтондогу апталык брифинг учурунда Жон Керри 23-октябрда Венада Сергей Лавров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөөрүн айтты.
Ошол эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Берлинде Израилдин премьер-министри Биньямином Нетаньяху менен Палестин-Израил маселесин талкуулайт.
Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сергей Лавровдун Жон Керри менен биргеликте Түркиянын жана Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлери менен Венада Сириядагы кырдаалды сүйлөшөөрүн кабарлаган.
Орусиянын ТИМинин билдирүүсүндө, Лавров менен Керри 21-октябрда телефон менен байланышып, Венадагы жолугушууну макулдашкан.