Ссылки доступа

Казакстандын тышкы карызы 155 млрд. доллардан ашты


2015-жылдын 30-июнуна Казакстандын тышкы карызы 155.2 млрд. АКШ долларын түздү. Анын 5 пайызы -7.8 млрд. доллары мамлекеттик тышкы сектордун, 6.2 пайызы, же 9.7 млрд. доллары банк тармагынын карызы.

Казакстандын Улуттук банкынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, тышкы карыздын 36.3 пайызы, же 56.2 млрд. доллары экономиканын түз инвестиция менен байланышпаган тармагына тиешелүү. Улуттук жана жеке ишканалардын үлүшү 52.6 пайызды, же 81.7 млрд. долларды түзүп, тышкы карыздын ири өлчөмүн ээлейт.

2015-жылдын экинчи кварталында Казакстандын тышкы карызы 0.9 млрд АКШ долларына көбөйсө, андагы мамлекеттик тармактын үлүшү 82 млн. долларга азайды.

Банктар тыштан 0.4 млрд. долларга, башка тармактар 0.6 млрд. долларга көп акча алган.

XS
SM
MD
LG