ИИМдин Москва шаардык бөлүмүнүн маалымат кызматынын башчысы Андрей Галиакберовдун айтымында, алардын баары полицияга жеткирилип, Орусияда жүрүүгө уруксаты жана кылмышка тиешеси текшерилет.
Агентиктин билдирүүсүндө, мигранттар Заречный көчөсүндөгү “Фили Град” турак жайдын курулуш аянтында кармалган.
ИИМ Москвада бир нече аялга кол салууга шектелген 2 тажик жаранын так ушул турак-жайдын курулуш вагондорунан издешип, калган мигранттарды дагы табышкан.