Ссылки доступа

Тбилисиде “Түркмөнстан” ачылды


Грузиянын борбор калаасында 21 –октябрда салтанаттуу түрдө “Түркмөнстан” аттуу дүкөн ачылды.

Ачылуу аземине Грузиядагы Түркмөнстан элчилигинин, түркмөн ишкерлеринин, Тбилиси шаарынын башкармалыгыны, ТИМ, Соода-өнөр жай палатасынын жан грузин компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Жаңы дүкөндүн алдына Түркмөнстандын ишкерлери жана өндүрүш уюмдары жарманке уюштурду.

Turkmenistan.Ru сайтынын маалыматында, жарманкеде кездеме,килемдер, улуттук сувенирлер жана башка көптөгөн буюмдар коюлган.

XS
SM
MD
LG