Ссылки доступа

Казак соту көз карандысыз ADAM журналын жапты


Алматынын Медеу райондук соту ADAM журналын жабуу боюнча прокуратура арызын толук канааттандырды. Сот буга чейин жабылган ADAM bol журналы менен азыркы ADAM басылмасын жана анын Facebook желесиндеги баракчасын "бир маалымат каражаты" деп тааныды.

Муну менен басылмага берилген маалымат комитетинин күбөлүгү да күчүн жоготту.

Алматынын райондор аралык соту буга чейин ADAM журналынын ишин үч айга токтотуу чечимин чыгарып, редакцияга 100 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (730 доллардай) айып салган. Журналга тил боюнча мыйзамды бузган деген айып тагылган. Казакстандын ММК боюнча мыйзамдары өлкөдө башка тилде чыккан медиа каражатка материалдарынын жарымын мамлекеттик тилде чыгарууга милдеттендирет.

ADAM басылмасы быйыл мартта өткөн декабрда жабылган ADAM bol журналынын ордуна чыга баштаган. Журнал Украинадан баш паанек тапкан казак активисти Айдос Садыковдун маегин баскан соң сот аркылуу жабылган эле. Садыков анда Орусияны Украинанын чыгышындагы чатактарга аралашканы үчүн айыптаган.

Алматынын Медеу райондук соту ADAM журналын жабуу боюнча прокуратура арызын толук канааттандырды. Сот буга чейин жабылган ADAM bol журналы менен азыркы ADAM басылмасын жана анын Facebook желесиндеги баракчасын "бир маалымат каражаты" деп тааныды. Муну менен басылмага берилген маалымат комитетинин күбөлүгү да күчүн жоготту.

XS
SM
MD
LG