Ссылки доступа

Шымкентте журналист сотту жеңип алды


Түштүк-Казакстан облустук соту Шардарин райондук прокурору Талгат Сейдуалиевдин доо арызын канааттандырбай, журналист Рамзи Юнусованы колдоду.

Сейдуалиев доо арызында соттон 2015-жылдын 25-майында Central Asia Monitor гезитине жарыяланган "Прокурордун миллиондору" макаласындагы маалыматтарды жокко чыгаруунуөтүргөн.

Юнусова макалада жогорку кызматтагы жетекчилердин алган насыяларын банкка кайтаруу жолдору жөнүндө жазган.

2015-жылдын июль айында Аль-Фарабия райондук соту Юнусованы күнөөсүз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG