Ссылки доступа

Сирия менен Иракка кеткен кыргызстандыктар саны 400дөн ашты


K
K

Сирия менен Ирактагы согушка катышкан кыргызстандыктардын саны 400дөн көп.

Алардын 40тан ашууну каза болгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында экстремисттик топтордун тузагына илингендер көп болууда. Арасында үй-бүлөсү менен кеткендер да бар.

Террордук топторго кошулгандардын көбү радикал маанайдагы динчилдер жана акча табуу үчүн кокустан тузакка илинген жаштар. Айрымдарын интернеттеги тааныштары чакырган.

XS
SM
MD
LG