Ссылки доступа

ЭВФ: Борбордук Азия экономикасын тышкы таасирлер алсыздатууда


Валютанын наркынын туруксуздугу, чийки товарга баанын төмөндөшү жана Орусия экономикасынын алсыздашы Борбордук Азия жана Кавказдын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

Бул тууралуу бүгүн Алма-Атада Эл аралык валюталык фондунун баяндамасында айтылды.

Баяндамада Борбордук Азия мамлекеттери экономикада бюджеттик теңдөөнү жүргүзүп, улуттук валютанын наркын түшүргөндүгү маалымдалат. Алар экономикалык реформаларды тездетүү кеңеши берилет.

“Өлкөлөр эми терең экономикалык саясый өзгөртүүлөрдү жүргүзүшү керек”,-дейт Эл аралык валюталык фонддун Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Юха Кяхконен.

Эл аралык валюталык фондунун божомолунда 2015-жылга Казакстандын экономикасы 1.5 пайызга, 2016-жылга 2.4 пайызга өсөт.

XS
SM
MD
LG