Ссылки доступа

Тажикстан бажы кызматынын жетекчисинин бир тууганы эркиндикке чыкты


Дангара районундагы "Точиксодиротбонктын” директору жана Тажикстан бажы кызмат башчысынын Абдуфатто Гоибдун бир тууганы Нажмиддин Саидов камактан 200 миң сомони айып пулун төлөгөндөн кийин бошотулду.

Нажмиддин Саидов бир жума мурун алдамчылык айыбы менен камалган.

"Точиксодиротбонкда” Саидовдун эркиндикте жүргөнүн ырасташты. Банктын кызматкерлердин айтымында, ал учурда эс алууда.

Саидов 400 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Жемкорлук менен күрөшүү агентигинин маалыматында, ал бирөөнү чоң кызматка дайындоо үчүн акча талап кылган.

Видео

XS
SM
MD
LG