Ссылки доступа

HRW: Орусиянын аба соккусунан Сириянын 59 жөн жай жашоочусу набыт болду


​Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоочу уюмунун баяндамасында, Орусия Сирияда аскердик чараларды башталгандан бери 60 жөн жай тургун мерт кетти. Алардын жарымы балдар экендигин уюм жекшемби күнү маалымдады.

Эл аралык уюм Сириянын оппозициясынын жетекчилеринин биринин маалыматына таянып, 15-октябрь күнү орус учактары Сириянын Хомс шаарынын тынч райондорун эки жолу бомбалаганын билдирип, орус учактарынын жөн жай тургундарды бутага алуусу боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштайт.

Өткөн апта аягында Сириянын укук коргоо борборунун жетекчиси Рами Абдель Рахман орус учактарынын соккусунан 150 адам набыт болгонун айтып, анын 100 гана Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекети", "Фронт ан-Нусра" террордук уюмдарынын өкүлдөрү экендигин маалымдаган.

Буга чейин НАТОнун кеңеши Орусиядан Сириянын жөн жай жашоочуларын бутага алууну токтотууну талап кылган. Кремль орус аскерлери "ИМге" карата гана сокку уруп жатканын айтат.

XS
SM
MD
LG