Ссылки доступа

Светлана Алексиевич Белорус президентинин сынына жооп берди


Belarus - Alexander Lukashenka and Svetlana Alexievich, Courtesy Photo
Belarus - Alexander Lukashenka and Svetlana Alexievich, Courtesy Photo

Нобель сыйлыгынын лауреаты, Белорус жазуучусу Светлана Алексиевич ал өз элин эмес, Александр Лукашенконун бийлигин гана сындаганын "Говорит Москва" радиосундагы маегинде билдирди.

Жекшемби күнү Белорус президенти "айрым чыгармачыл инсандарды" жана Нобель сыйлыгынын лауреаттарын өлкөсүнө карата сын-пикиринен улам "мекенинин жаман урпактары" катары баалаган.

Алексиевичтин пикиринде, Лукашенко чыгармачыл чөйрө жөнүндө эмес, эл күткөн реформалар боюнча сүйлөшү керек.

Светлана Алексиевич 2015-жылдын 8-октябрында Нобель сыйлыгын алды. Жазуучуну сыйлыгы менен Александр Лукашенко дагы куттуктаган.

XS
SM
MD
LG