Ссылки доступа

Тажикстанда бир жаштагы наристесин өлтүргөн эне кармалды

Tajikistan -- Dushanbe, The Ministry of internal of Affairs of the Republic of Tajikistan, police,1 August 2014
Tajikistan -- Dushanbe, The Ministry of internal of Affairs of the Republic of Tajikistan, police,1 August 2014

Тажикстандын укук коргоо органдары Турсунзаде шаарынын 28-жаштагы тургунун кармады. Ал өз баласын ур-токмокко алып, анын кесепетинен наристе набыт болду. ИИМдин билдирүүсүндө, кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

24-октябрда ал аял наристесин “Насл” медициналык борборуна текшерүүгө алып келген. Даарыгерлер баланын жансыз денесин көрүшүп, укук коргоо органдарына маалымдашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө, эне баласын катуу сабап өлтүргөнү аныкталды.

​
XS
SM
MD
LG