Ссылки доступа

Казак полициясы өзүн-өзү өрттөөнү видеого тарткандарды тактап жатат


Казахстанда полиция кызматкерлери Ерлан Бектибаев өзүн-өзү өрттөп жатканын видеого тарткандарды кармап, өздүгүн аныктап жатат.

Бул тууралуу Тараз шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ерлан Бектибаев 24-октябрда Тараз шаарынын борбордук аянтында өзүн өрттөп, алган жаракаттан ооруканада көз жумду.

Бектибаев өзүн өртөөрдөн мурда дагы видео жазуу калтырган. Анда ал полиция кызматкерлери кармап, адам өлүмүнө байланыштуу суроо бергенин айткан. 4-июнь күнү Алма-Атанын соту аны үч жыл сегиз айга эркинен ажыратканын маалымдайт.

XS
SM
MD
LG