Ссылки доступа

Орусиянын аскердик заводдору үч кезметте иштеп жатат


Орусия Сирияда аскердик чараларды баштагандан бери заводдору үч кезметте иштеп жатат. Айрыкча “тактикалык ракеталык курал” боюнча корпорациялар ишин күчөткөндүгүн«Комерсантъ-Власть» гезити жазып чыкты.

Гезитке Корго министрлигинин аскердик өндүрүш тармагындагы өкүлү Орусия Түркиядан 8 жүк ташуучу кеме сатып алгандыгын маалымдайт. Ал кемеге аскердик макам берилип, Сириянын Тартус жээгиндеги орус базасына жүк ташууга колдонууга даярдалып жатканы айтылат.

Гезиттин маалыматында, Сирияга бир топ аскердик күчтөр жеткирилди. Алар азырынча чабуулга эмес, Орусиянын базасын коргоого гана тартылды.

Орусия 30-сентябрдан бери Сирияда “ИМ” топторуна абадан сокку уруп жатат.

XS
SM
MD
LG