Ссылки доступа

Тажикстанда экстремизм менен күрөшкө илимпоздор тартылат


Орус-Тажик университетинин юридикалык факультетинин алдында терроризмге жана экстремизмге каршы туруу илимий изилдөөчү борбору ачылды.

Бул Тажикстандын аймагында биринчи жолу ачылып жаткан борбор жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Борбор атайын китептерди, илимий эмгектерди басып чыгарып, талкууларды өткөрөт.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги Сирияда жана Иракта террордук топторго 650 жараны кошулуп, салгылашып жатканын маалымдаган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жана ИИМи террордук топторго кошулгандар мекенине кайтып келсе, эч кандай жазага тартылбастыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG