"Армяндар Жакынкы Чыгыштын баардык өлкөлөрүндө жашашат жана башка улуттардай айрым өлкөлөрдөгүкырдаалдын кесепетинен кыйналууда", -деди ал.
Набалдяндын айтымында, согушка чейин Сириянын Алеппо, Дамаск, Латакия, Кесабе, Эль-Камышли шаарларында 110 миңден ашуун армян жашаган. Учурда алардын 90 миңге жакыны үйлөрүн таштап, өлкөдөн чыгып кетишти.