Ссылки доступа

Түштүк Азияда жер титирөөдөн 60 киши мерт кетти (видео)


Ооганстандагы зилзаланын эпкини кошуна Борбор Азия өлкөлөрүнө да жетти. Анын запкысы бул өлкөгө чектеш Тажикстанга көбүрөөк тийип, Яван районундагы бир мектептин тепкичи кыйрашынан 14 окуучу жабыркады.

Алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланып жатканын, жабыркаган окуучулардын баары азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө турганы кабарланды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат экиден он мүнөт өткөндөгү силкинүү бир канча секундга созулушу элди бир топ дүрбөлөңгө салган. Баш калаа Дүйшөмбүдөгү тез жардам кызматына жер титирөөдөн кийин 60 чакты адам кайрылган. Алардын айрымдары катуу коркуп кетишкенин, мындай абалдан бир аз убакытка эс-учун жоготуп койгондор да болгонун айтышкан.

Тажик сейсмологдору силкинүү күчү өлкөдө 5-6 баллга жеткенин кабарлашты.

Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бул жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга чейин жеткен. Бул өлкөлөрдө кыйроолор жана жапа чегүүлөр тууралуу маалымат айтылган жок.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандагы Гиндукуш тоолорунда катталды. Анын күчү очогунда жети жарым баллдан ашкан. Соңку маалыматтарга караганда, Ооганстанда зилзала курмандыктары 60тан, Пакистанда 130дан ашты.

XS
SM
MD
LG