Ал 20 жаштагы жигит экенин, жергиликтүү коллеждердин бирин бүтүрүп, мектепке жаңы эле жумушка орношкону маалымдалат.
Мухаммадриза Эргашев 19-октябрда электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөргө нааразы экенин айтып, облустук электр тармактар ишканасына келген. Жарык бир күндө эки-үч саат эле берилип жатышы адам укуктарын бузарын белгилеп, ишкана жетекчисине даттанган кезде күч кызматкерлери келип алып кеткен жана беш күн бою камакта ачка отурган.
Өзбекстандын айылдарында бир топ жылдан бери электр энергиясы суткасына 2-3 сааттан гана берилет.