“Биз Нурсултан Назарбаев менен өзөктүк куралды сыноого каршы экендигибизди ырастадык. Өзөктүк курал аркылуу бомбалоого алынган Жапония үчүн бул өтө маанилүү”, -деди Жапониянын премьер-министри.
Синдзо Абэ Жапония Казакстандагы мамлекеттик жана жеке сектордогу реформаларды колдоорун айтты. Андан сырткары, эки өлкө өндүрүш тармагындагы жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоону макулдашты.
КазахстанЖапониядан ири инвестицияларды күтөт.
Бүгүн Абэнин сапарынын алкагында Астанада казак-жапон бизнес-форуму өтөт. Синдзо Абэнин Нурсултан Назарбаев атындагы университетте лекция окушу дагы күтүлөт.