Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги дагы жогорудагы маалыматка жооп берип, аны “ушак” катары баалады.
«Чек арачылар акчага, же куралга алмашылган эмес. Президент Эмомали Рахмондун кийлигишүүсү менен бошотулган», -дейт Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгынын маалымат кызматы.
Эскерте кетсек, “Талибан кыймылынын” өкүлдөрүнө таянып The Daily Beast порталы Тажикстандын төрт жоокери барымтадан куралга алмаштырылып бошотулганын маалымдаган. Порталдын билдирүүсүндө, Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүдөн кийин тажик бийлиги ири өлчөмдөгү курал-жаракты талиптердин азыркы жетекчисинин кичүү иниси Тохир Шамолзайга жөнөткөн.
The Daily Beast порталына талиптердин жетекчилеринин бири Кору Умар Тажикстандан алынган курал-жарак Кундуздагы салгылашууда колдонулганын айткан.
Тажик чек ара кызматынын жоокерлери 2014-жылдын декабрында барымтага алынган. Алар 2015-жылдын 11-июнунда бошотулуп, үйүнө кайтып келишкен.