Ссылки доступа

ЕККУ Казакстанда көз карандысыз басылманын жабылышын сынга алды


ЕККУ Казакстанда көз карандысыз басылманын жабылышын сынга алды. "Адам" журналы казак бийлигине сын пикири менен белгилүү. ЕККУнун өкүлү Дуния Миятович сөз эркиндигине кысым токтотулушу керектигин билдирди.

Алматынын райондор аралык соту буга чейин ADAM журналынын ишин үч айга токтотуу чечимин чыгарып, редакцияга 100 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (730 доллардай) айып салган. Журналга тил боюнча мыйзамды бузган деген айып тагылган. Казакстандын ММК боюнча мыйзамдары өлкөдө башка тилде чыккан медиа каражатка материалдарынын жарымын мамлекеттик тилде чыгарууга милдеттендирет.

ADAM басылмасы быйыл мартта өткөн декабрда жабылган ADAM bol журналынын ордуна чыга баштаган. Журнал Украинадан баш паанек тапкан казак активисти Айдос Садыковдун маегин баскан соң сот аркылуу жабылган эле. Садыков анда Орусияны Украинанын чыгышындагы чатактарга аралашканы үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG