Коргоо министрликте маалымдагандай, мындай кадамдын себеби аскердин сүйлөшкөн кызы менен келишпестигинен болуп чыгышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, Краснодар облусунан 19-жаштагы орус аскери Вадима Костенконун өлүмү тууралуу ата-энеси угузулган, бирок себептери айтылган эмес.
Кремлде буга чейин Сирияда канча адам курман болгондугун айтылбай келген.
Орусия Сирияда аскер кампаниясын 30-сентябрдан баштап өткөзүп келет. Өлкө бийликтеринин айтымында, аба соккулар “террористтерге” гана арналган.
Ошол эле убакта АКШ жана байкоочулардын айтымында, Москванын максаты – Сирия башчысы Башар Асадды колдоо.