Ссылки доступа

Түркмөнстанда 1000ден ашуун адамга мунапыс берилди


Мамлекеттик медиа кабарлагандай, президент Гурбангулы Бердымухаммедов абактагы 1020 адамга бүгүнкү Көз карандысыздык күнүн утурлай кечирим берди.

Президент “узактан бери калыптанган салтты” жолдоо менен мунапыс боюнча жардыкка кечээ өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин биргелешкен жыйынында кол койгон.

Гурбангулы Бердымухаммедов бийликке келгенден бери мунапыс боюнча жардыктарды жылына бир нече ирет, адатта мамлекеттик майрамдарга тушташ чыгарат.

Акыркы ирет ал быйыл майда, Конституция күнү алдында абактагы 1200 кишиге кечирим берген.

Мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязов болсо мунапысты жылына бир ирет, ыйык Рамазан айы учурунда жарыялачы.

XS
SM
MD
LG