Ссылки доступа

АКШ Иранды биринчи жолу Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды


Шейшемби күнү АКШ Иранды Сирия боюнча сүйлөшүүгө чакырганын маалымдады. Иранга жума күнү Вена шаарында өтө турган Сириядагы согушту саясый айдыңда чечүү жолдорун талкуулаган конференцияга катышууга чакыруу жөнөтүлдү.

Айрым маалымат каражаттары АКШ Иранга карата мамилесин өзгөрткөндүгүн жазып чыгышты. Буга чейин Вашингтон Ирандын Башар Асадды колдоосунан улам сүйлөшүүлөргө каршы болуп келген.

Вашингтон эми Башар Асаддын дагы бийликтен кетүүсүн талап кылбайт. Барак Обоманын улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Сюзан Райстын билдирүүсүндө, Америка Асаддын Сириядагы саясый өзгөрүүлөрдү жетектөөсүнө каршы эмес.

“Бирок, ал саясый реформа аяктаганча Башар Асад бийлигин тапшырып кетет”, -деди Сюзан Райс.

Венадагы конференцияга ондогон өлкө өкүлдөрү катышышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG