Ссылки доступа

Өзбек чек арачылары кармаган кыргыз жараны ооруканада


Өзбек чек арачылары кармаган кыргыз жараны жаракат алып, ооруканада жатат.

Кыргызстан Чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, 26-октябрда өзбек чек арачылар кыргыз жаранын кармоо учурунда ага карай ок чыгарышкан.

Анын жанынан 135 миң доллар да алынган.

“Жарадар болгон тургун Касансай ооруканасында дарыланып атат. Анын акыбалы белгисиз болуп жатат. Өзбек чек арачылардын айтымында, жаран сакайгандан кийин гана мекенине кайтарылат”, - деди Гүлмира Бөрүбаева.

Айрым маалыматтарга караганда кармалган жаран соодагер. Өзбекстандан мыйзамдуу түрдө ири өлчөмдөгү акчаны чыгарып кетиш кыйын. Ошон үчүн кээ бир Кытай, Туркиядан буюм алып келген ишкерлер мыйзамсыз жолго барууга мажбур.

XS
SM
MD
LG