Ссылки доступа

Кубанда Сирияда мерт болгон орус аскери акыркы сапарга узатылды


Кубандын Гречаная Балка айылында бүгүн орус аскери Вадим Костенконун сөөгү жерге берилет. Аны кечээ түнү үйүнө жеткизишкен. Аскер менен коштошконго баардык айыл тургундары келишти.

Костенконун өлүмү тууралуу биринчилерден болуп Conflict Intelligence Team (CIT)тобунун блогерлери социалдык тармактарда жазып чыгышкан. Алардын айтымында, 19-жаштагы аскер 24-октябрда көз жумган. Ошол күнү сириялык оппозициянын өкүлдөрү Хмеймим аскер базасына чабуул жасаган.

Бирок аскер соккудан кийин мерт болгонбу же өзү эле кырсыктаганбы изилдөөчүлөр так айта албайт.

Андан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, аскер сүйлөшкөн кызы менен келишпестиктин айынан өз өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG