Ссылки доступа

Орусияда чарчап калган наристенин окуясы Путинге маалым


Орусиянын президенти России Владимир Путин Умарали Назаровго байланыштуу чуулгандуу окуяны билет. Бул тууралуу орус президентинин маалымат кызматы Дмитрий Песков билдирди.

«Албетте, бул тууралуу президентке дагы маалым. Анткени окуя ызы-чуу жаратып, ММКда кеңири чагылдырбадыбы", -деди ал.

Умарали Назаров 13-октябрда ата-энесин полиция миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн камагандан кийин чарчап калган. ИИМдин билдирүүсүндө, баланын өлүмүнө полиция күнөөлүү эмес. Умарали өзү ооруп турган. Ата-энеси бул билдирүү менен макул эмес. Алардын айтымында, баласынын дең-соолугу чың болчу.

XS
SM
MD
LG