Комитет Керриге Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан бийлигинен түрмөгө камалган журналисттерди бошотууну суранууну сунуштайт.
Алардын маалымдоосунда, Борбордук Азияда сөз эркиндигине кысым күчөдү. Ага укук коргоочулар интернет тармагына көзөмөлдү, мыйзамдардагы жаңы чектөөлөрдү далил катары көрсөтөт. Андан тышкары бийликти сынга алган журналисттер жана блоггерлер куугунтукка алынып жатканы айтылат.