Ссылки доступа

Москвада сталиндик репрессиянын курмандыктарын эстешүүдө


Москвада "Ысымдарды кайтаруу" акциясы өтүп жатат. Акция сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналат.

Эртең мененки саат ондон баштап, кечки онго чейин укук коргоочулар, коомдук ишмерлер жана Москва тургундары Сталиндин мезгилинде атылгандарды эскерүүдө. Лубянск аянтында алардын эки жарым миң адамдын аты-жөнү, кесиби жана өлүм жазасына тартылган убакыты аталат.

"Ысымдарды кайтаруу" акциясы 2006-жылдан бери өткөрүлүүдө.

Москвада 1936-38-жылдары 30 миң адам атылган. Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү Орусиянын башка шаарларында дагы өтөт.

XS
SM
MD
LG