Ссылки доступа

Ат түрундө алынган пара аткаминерди мүлкүнөн ажыратып айып пулга жыккан


Казакстандын Караганда облусунун соту Нуринск район башчысынын орун басарын Хаким Бековдун күнөөсүн аныктап, аны мүлкүнөн ажыратып, 2 миллион теңгени казнага төлөп берүү боюнча чечим чыгарды.

Мындан тышкары аткаминерге мамлекеттик кызматта иштегенге тыйу салынды. Прокурор Акжол Ахметов Хаким Бековду 5 жылга камоону сураган.

Бул иш боюнча соттун чечими бир нече жолу жылдырылган.

Эскерте кетсек, иш дыйкан Даулет Жапановдун арызынан кийин ачылган. Анын айтымында, жер тилкелеринин узак мөөнөткө алууга сынакта жеңиш үчүн аткаминер жылкы сураган. Бирок атты бергенден кийин деле дыйкан жеңишке жеткен жок.

Хаким Беков коюлган айыптарды мойнуна албайт. Нуринск районунун акими Кудайберген Бексултанов сотко күбө катары чакырылган, бирок ал иштин чоо-жайынын такир билбегенин айткан.

XS
SM
MD
LG