27-октябрда Кошмо Штаттар бул сүйлөшүүлөргө бардык “негизги өнөктөштөр” катышуусу зарылдыгын белгилеп, Ирандын келиши маанилүү экенин белгилеген.
Ирандын мамлекеттик IRNA агенттиги Вашингтондун бул билдирүүсүн “Сириядагы абалга карата акылдуу чечимди айгинелеген алгачкы белги” деп сыпаттаган.
Сириядагы улуттук коалициянын вице-президенти Тегерандын бул талкууга кошулуусу сүйлөшүү жараянын татаалдаштырарын, себеби Иран Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигин сактоого аракет кыларын айтты.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Венадагы талкуу Сириядагы жагдайды жайгарууда маанилүү роль ойнойт деп билдирди:
-Сүйлөшүүдө биздин алдыбызда турган негизги милдеттердин бири - Сириядагы каатчылыкты жоюу. Венадагы жыйын Сирияны тозоктон сууруп чыгууда маанилүү роль ойнойт,- деди Керри.