Ссылки доступа

Талибдер Тажикстан тарапка кетүүдө


Ооган бийликтеринин айтымында, “Талибан” кыймылынын согушкерлери өкмөттүк күчтөрүнүн басымы менен мурда басып алган Тахор, Даркад жана Хожагор аймактарынан кетип, Тажикстан тарапка ооп кетүүдө.

Даркад жана Хожагор Хатлон облусунун Фархор району менен чектеш.

Тахор аймагынын башчысынын пресс-катчысы Суннатулло Темур айткандай, согуш болуп жаткан жерге дагы жаңы күчтөр келди. Талибтер басып алган жерлерди кайтаруу операциянын башында провинциянын башчысы Мухаммадясин Зиё жүргүзүүдө.

Анын айтымында, кечээ эле 20 ашык согушкер өлтүрүлдү.

Талибдердин көзөмөлүндө Даркаддын борбору дагы эле калууда, бирок Суннатулло Темурдун айтымында, ал деле жакынкы саатта бошотулат.

Талибдер Даркад менен Хожагорду 28-октябрда басып алган. Бирок өкмөттүк күчтөрдүн басымынан кийин алар ал тараптан кетүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG