Ссылки доступа

Ольга Голодец: “баланын өмүрү улутуна каралбаш керек”


Орус өкмөтү Санкт-Петербургда каза болгон 5-айлык тажик наристенин өлүмүн дыкаат изилдөөнү талап кылат. Бул тууралуу ММКларга өкмөт башчысынын орун басары Ольга Голодец билдирди.

“Иш Тергөө комитетине берилди, ад дыкааттык менен изилденет. Баланын өмүрү анын улутунан көз караш болбош керек”, - дейт Голодец.

Ошол эле маалда Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова Умарали Назаровдун өлүмү боюнча петербургдагы бөлүмүнө текшерүү жүргүзүнү талап кылды.

«Коммерсантъ» жазгандай, 5 айлык баланын өлүмү коомдо катуу пикир жаратты. Жарандар укуктуу органдарга каттарды жиберип, ушул окуянын дыкаат изилдөөсүн суранышкан.

Бала 14-октябрда ооруканада мерт болгон. Аны бир күн мурда миграциялык мыйзам бузган деп камакка алынган ата-энесинен тартып алышкан.

XS
SM
MD
LG