“Калаанын кире-беришинде посттор коюлган. “Сиеб” базары жабык. Укук коргоо кызматкерлери базарда иштегендерден паспорт чогултушуп жүрүшөт. Атайын кызматтын, өрт өчүргөн, укук коргоо органдарынын кызматкерлери Гури-Амир күмбөзүнүн жанындагы ар бир үйдү текшерүүдө”, - жазат булактар Самаркандда.
Расмий түрдө Жон Керри 5 Борбор Азия өлкөлөрүнүн министрлири менен регионалдуу жана глобалдуу маселелерди талкуулайт.
Эскерте кетсек, эл аралык укук коргоо уюмдар АКШнын мамкатчысын региондогу адамдардын укук бузуулар жөнүндө айтып кеткенин суранышкан.