Ссылки доступа

Москвадагы украин китепканасынын башчысы экстремизмге тиешеси бар деп күнөлөнүүдө


Бүгүн Москва шаарынын соту украин китепканасынын башчысы Натальи Шаринанын камакта калоо маселеси каралыш керек. Китепкананын бир нече кызматкерлери дагы суракка алынат.

Кечээ Орусия Тергөө комитетинин башчысы Владимир Маркин маалымдагандай, алар Шаринаны улутуна карата жек көргөнү үчүн күнөөлөшүп, камакта калтырууну суранышат. Аял 5-жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Орусиядагы ПЕН-борбору китепканадагы тинтүүгө наааразы болуп, анын кызматкерлерин куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Анын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай кадамдар саясий багыттагы репрессиянын түрү жана коюлган айыптар негизсиз.

XS
SM
MD
LG