Ссылки доступа

Орусиянын абакаттамдарды украина жандантуу сунуш ун четке какты


Орусиянын аба мейкиндиги боюнча федералдык агенттиги Украинага эки өлкө ортосундагы учак каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүнү сунуштады, бирок муну Киев четке какты. Орус тарап катты 28-октябрда жөнөткөн.

Украинанын Инфраструктура министрлигинин өкүлү "Орусия Крым аймагына да учактарды токтоткон учурда гана сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн" билдирди.

Украина Крымдын аннексияланышына жооп катары 25-октябрдан тарта Орусияга аба каттамдарын токтоткон. Андан соң Москва да ушундай кадамга барган жана муну "акылсыздык" деп атаган.

Бул тыюу салуулардан улам ай сайын 70 миңдей жүргүнчү жабыркайт.

XS
SM
MD
LG