Ссылки доступа

Жон Керри: Венадагы сүйлөшүүлөр –Сирияны “тозоктон” куткарууга негизги жол


Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы -ийгиликтин башаты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вена шаарындагы конференциянын ачылышында билдирди. Конференцияга 18 өлкөнүн өкүлү катышууда.

АКШнын айрым аткаминерлеринин айтымында, Вашингтон Башар Асаддын акырындап бийликтен четтетилишине макул. Ал арада өкмөт түзүлүп, өлкө өткөөл мезгилден өтөт.

Венадагы конференцияга Иран катышып жатат. Бул өлкө биринчи жолу Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө тартылды.

КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кезектеги саммитинде экономикалык кызматташтык, коопсуздук сыяктуу 30га жакын маселе каралмакчы. Алар оболу тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматта талкууланат.

Саммитке Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышууда.

XS
SM
MD
LG