Ссылки доступа

Алма-Атада шаардыктардын коопсуздугу үчүнтрамвай каттамы токтотулду


«Алма-Ата электротранстын» трамвайларды тейлөөчү ишканасы 31-октябрдан баштап ишин токтотот.

Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирет. Кабарда атайын комиссия трамвайдык жолдордун оңдоого муктаждыгын аныктаган. Ишканын ишин жандантуу мөөнөтү азырынча белгисиз.

«Алма-Атаэлектротранстын» маалыматында, 2014-жылы шаарда 20 жолу, 2015-жылы 43 жолувагондор жолдон чыгып кеткен.

Өткөн жылы Алма-Атада трамвайдын катышуусу менен эки ири жол кырсыгы катталып, анда ондогон адамдар жана ондогон машина жабыр тарткан. Шаарда эки трамвай каттамы бар.

XS
SM
MD
LG