Ссылки доступа

АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрү кызматташуу жөнүндө декларация кабыл алышты


АКШ мамкатчысы жана Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын ТИМ башчылары Самаркандда биргелешкен декларацияны кабылалышып, “Беш плюс бир” (С5+1) аттуу жаңы форматты колдошту.

Документте бир топ маселе боюнча кызматташуу боюнча катышуучуларынын максаттары жазылган. Тактап айтканда, адамдарды сатууга, баңгизаттын мыйзамсыз алмашуусуна каршы кадамдар, Ооганстандагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту күчөтүү маселелери.

Жон Керринин айтымында, Вашингтон Ооганстандагы кырдаал боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун колдойт. “АКШ “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” экстремистик топторунан чыгып жаткан коркунучту түшүнүп турат”, - кошумчалады ал.

XS
SM
MD
LG