Ссылки доступа

Интернетте Сирияда жүргөн кыргыз сокушкерден коркутуу видеосу пайда болду


Кыргызстандын атайын кызматы видеокайрылуунун ээси кыргыз жараны экенин тастыктады. Бирок анын толук аты-жөнү дилилдене элек.

Болгон маалыматтарга ылайык, бул жаран Баткен облусунун тургуну 23-жаштагы Аскарбек Андабаев болушу мүмкүн.

6-мүнөттүк видеотасмада ар улуттуу куралдуу он чакты бала турат. Алар Орусиянын Сириядагы кадамдарын сынга алышып, бул өлкөнүн дарегине ар кандай коркутуу ураандарын айтууда.

Андабаевдин Султан деген тууганынын айтымында, Аскарбек Бишкектеги медреседе окуучу. Анын угушу боюнча, андан кийин ал Сирияга кетип калган.

Интернетте бир нече күн мурун БТРде өзүн-өзү жардыруунун алдында ыйлап жаткан жаш бала жөнүндө видео тараган. Ал 21-жаштагы Сузак районунун тургуну, кыргыз жараны Бабур Исраилов болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG