Ссылки доступа

Петербургда аба кырсыктан курман болгондордун элесин эскеришти


Петербургда Дворцовый аятына дем алыш күнү 3 минден ашык адам аба кырсыктан курман болгондордун элесин эскеришти.

Бир ай мурун бул күнү ушул жерде жетимдерди колдоо боюнча “Бакыттын улуту жок” деген акция өтмөк. Анда турненин алкагында дүйнө кыдырып жүргөн атактуу жылдыздар да катышышмак. Акциянын уюштуруучулары маркумдарды эскергендерге колдоо көрсөтүштү.

Миңдеген адамдар “мама” сөз түрүндө турушуп, электр чырак жана телефондордун жарыгын асманга каратышты. Алар бир мүнөт тыныгуу алып, андан кийин асманга 224 кызыл шар кой беришти. Ар бир шарда аба кырсыкта курман болгон балдардын аты жазылган. Мындан тышкары ак көгүчкөндөр асманга жиберилди.

Жарандардын экинчи тобу Александр колоннасында гүл коюп, чырак жагышкан.

XS
SM
MD
LG