Ссылки доступа

Мисирдеги аба кырсыгынан мерт кеткен 144 адамдын сөөгү Санкт-Петербургга жеткирилди


Кырсыктан каза болгондордун сөөктөрүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учактары ташып келүүдө. Эксперттер соттук-медициналык иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин, мерт кеткендердин өздүгүн аныктоо жараяны башталат. Шейшембиде калган сөөктөр алып келинет.

Орусиялык «Когалымавиа» компаниясынын Мисирдин Шарм-эш-Шейх шаарынан Петербургга багыт алган учагы 31-октябрда Синай жарым аралына кулап түшкөн. Анын ичиндеги 224 адамдын баары набыт болду. Мисир бийлиги кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп экенин жоромолдоодо.

Кечээ жеринде иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин Мамлекеттер аралык авиация комиссиясынын аткаруучу директору Виктор Сороченко, учак абадан эле кыйраган болушу мүмкүндүгүн жарыялаган. Адистер кырсыкка түрткү болду делген үч версияны карап жатат. Алардын баамында, аба лайнери багажга коюлган бомбанын жарылуусунан кулаган болушу ыктымал.

Ошондой эле, буга чейинки кырсыктан кийин учактын толугу менен оңдолбогону, кыймылдаткычтын керектен чыкканы да башкы себептер катары айтылууда. Бул учак 2001- жылы Каирдин аба майданында да кырсыкка кабылган.

XS
SM
MD
LG