Ссылки доступа

Кыргызстанда Башкаруучу коалициянын курамы бүгүн жарыяланат


Бул тууралуу коалиция түзүү боюнча президенттен мандат алган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековбилдирди. Анын айтымында, коалиция түзүү боюнча бардык фракциялар менен сүйлөшүү өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү" жана "Ата Мекен" фракцияларынын катышуусу менен коалиция түзүү негизинен чечилди.Чыныбай Турсунбеков түзүлө турган жаңы коалиция премьер-министрлик кызматта Темир Сариевди калтырууну макулдашканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG