Ссылки доступа

39 жаштагы экономист Казакстандын Улуттук банкын жетектейт


Казак Президенти Нурсултан Назарбаев Данияр Акишевди Улуттук Банктын төрагалыгына дайындоо тууралуу жарлыкка бүгүн кол койду.

Мындан мурда Казак парламентинин жогорку палатасы Акишевдин талапкерлигин колдоп берген. Депутаттарга кайрылуусунда, Назарбаев Кайрат Келимбетовду Улуттук Банктын жетекчиси кызматынан бошотуу тууралуу чечимге келгенин айтып, муну соңку убакта «улуттук валюта менен банкка болгон ишеним начарлаганы» менен түшүндүргөн.

Ошондой эле президент мамлекетте теңгенин дефицити байкалып жатканын белгилеп, экономиканы насы менен камсыздоо көлөмүнүн азайып жатканын “начар көрсөткүч” деп баалап, Данияр Акишевдин билими менен тажрыйбасы бул жетишпестиктерди жоюуга жардам берет деген ишенимин билдирген. 39 жаштагы Данияр Акишев мурун да Улуттук Банкта иштеген.

XS
SM
MD
LG