Ссылки доступа

«Истиклол» Тажикстандын кезексиз чемпиону болду


Дүйшөмбүлүк футбол клубу «Истиклол» мөөнөтүнөн мурда Тажикстандын төрт жолку чемпиону болду.

Тажикистан биринчилигине ат салышып, экинчи орунда бараткан Худжант командасы 1-ноябрда болгон 16-турдун матчында конокто ойноп, аскерлердин борбордогу командасына 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Ушуну менен «Истиклол» 43 упайы менен жакынкы атаандаштарынан астыга кетип, өлкөнүн чемпиону болду. Клуб жогорку лиганын чемпиону катары 2010, 2011 жана 2014-жылы аталган.Вице-чемпион наамына негизги атаандаш болуп «Худжанд» клубу айтылууда. Үчүнчү орунга «Равшан», «Хайр» жана «Регар-ТадАЗ» клубдарды аракет кылышат.Чемпионаттын 16-турунда «Равшан» «Вахшды» 3:0 менен утуп, «Хайр» өзүнүн талаасында «Далерон-Уротеппа”ны 2:0 жеңген.

Дагы бир оюн 2 ноябрда Дүйшөмбүдө «Барки тоджик» - «Регар-ТадАЗ» клубдарынын арасында өтөт.

XS
SM
MD
LG