Ссылки доступа

АКШ менен Казакстан Украинадагы Минск жараянын кубатташты


Бул эки мамлекет Минск келишиминин аткарылышын, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуунун бирден-бир жолу катары колдой турганы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисовдун жолугушуусунан кийин таратылган билдирүүдө айтылат.

Америка тарап Казакстандын Украина менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү аракетин жогору баалады.Ошондой эле казак бийлиги Ооганстандагы коопсуздук менен өнүгүүнү колдоп, Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык интеграцияга салым кошуп жатканына да баа берди.

Тараптар терроризм жана экстремизмге каршы биргелешип күрөштү күчөтүүнү макулдашты. АКШ Казакстанга быйылкы жылдын июнь айында экстремизм менен күрөшүү боюнча эл аралык жыйынды уюштуруп бергени үчүн да ыраазычылык билдирди.

Жон Керринин Борбор Азиядагы сапары эми Тажикстанда уланат. Дүйшөмбү шаарында бүгүн тажик презединти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG