Ссылки доступа

Тажикистан аткезчилик жүк ташуулар боюнча айыпты четке кагууда


Тажик бийлиги Ооганстанга тик учактар менен мыйзамсыз курал-жарак жеткирип жатат деген айыптоолорго макул эместигин билдирүүдө.

Өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлү тик учактар Ооганстан менен чек арада байкоочулук миссияны аткарып жүргөнүн айтты.

Буга чейин Ооганстандын коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Давлата Вазири, тажик тик учактары чек арадан өтүп, талиптерге курал ташып, анын ордуна алтын алып жатканын жар салган эле. Тажик чек ара кызматы ооган бийлигинен бул билдирүүгө түшүндүрмө талап кылды.

Тажикстандын коргоо министрлигинин маалымат катчысы Фаридун Махмадалиев ооган тараптын айткандарын «ушак, куру жалаа» деп атап, ага эч кандай негиз жок, деп белгиледи. Бир ай мурда ооган маалымат каражаттары Кундуз шаары Тажикстан Талибанды камсыздаган курал-жарактын эсебинен согушкерлерге багынып калганын, тажик тарап болсо барымтага алынган 4 чек арачыны бошотуу үчүн курал бергенин жазып чыгышкан.

Оогандык эксперт Нурали Саидинин баамында, жоочуларга Тажикстандан эмес, Орусиядан жардам келип жаткан болушу мүмкүн. Анткени, Орусия азыр Тажикстандагы аскерий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Бир нече ай мурун ооган бийлиги Орусиядан аскерий көмөк сураганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG