Ссылки доступа

Бөлүнүп кеткен талибдер тобу башчысын тандады


Маалыматтарга ылайык, бөлүнүп кеткен ооган талибдер тобу өз башчысын тандады. Эки жыл мурун ооган чалгындоо кызматы "Талибан" дардын башчысы молдо Омар каза болгонун айтып чыккан. Ордуна июлда АнынМолдо Ахтар Мансур шайланган.

Булактардын айтымында, бөлүнуп кеткен талибдер жаңы башчыны жактырбай коюшкан. Алар молдо Мухаммад Расул Ахунду жаңы башчы болуп шайлап алышты. Кыймылдын бир мүчөсүнүн айтымында, Ахунд 10 жылдан ашык молдо Омардын жанында жүргөн жана анын эң жакын адамдарынын бири болгон.

Омардын өлүмүнөн кийин дагы бир талибдердин тобу негизги кыймылдан бөлүнүп, террористик болуп эсептелген "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG